БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Алай районунда төрт баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жер саат 07:29да силкинген.
"Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоолорунда жайгашып, Бор-Дөбө айылында 3,5, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 3 баллга жетти", — деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.