Бабановго карата козголгон кылмыш иштери кандай жазаларды карайт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановду Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деп айыптап жатат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери, президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жаза кодексинин 297 жана 299-беренелеринин биринчи бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Аталган беренелер боюнча айыпталган кишилерге карата кандай жазалар каралганын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Кандидат в президенты от оппозиции Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов Он-Адырда эл менен жолукканда эмне деп айткан
297-берене — Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасоо.

Аталган берененин биринчи бөлүгүндө төмөндөгүдөй жазылган: Бийликти күчкө салып тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасаса 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып каралат. Же бир жыл түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейин эркиндигин чектөө, же бир жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралат.

299-берене — Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу.

Предвыборный ход президента КР - Sputnik Кыргызстан
Бабанов чөт өлкөгө кетер-кетпесин айтты
Бул берененин биринчи бөлүмүнө ылайык, Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса — төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишин тергей баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0