Улан Саляновдун өлүмү: милиция ак түстөгү минивэн унаасын издеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглых заключенных в жилмассиве "Энесай"
Поиски беглых заключенных в жилмассиве Энесай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улан Саляновду өлтүргөндөр издөөгө алынды

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Милиция Улан Саляновдун өлүмүнө шектелүүчүлөр түшүп кеткен деп ак түстөгү минивэн унаасын издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ОИИБинен билдиришти.

"Улан Саляновдун өмүрүнө кол салгандарды табуу үчүн издөө иштери башталды. Ага КР ИИМи, Бишкек ШИИБи жана Чүй ОИИБи тартылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн түнү депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен.

Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0