Оштогу жол кырсыгынан жабыркап, Тажикстандын жарандары ооруканага түштү

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Тажикстандын төрт жараны ооруканага түштү
Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Тажикстандын төрт жараны ооруканага түштү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынан Өзгөндү көздөй келе жаткан айдоочу мас болгондуктан рулду башкара албай, жол тилкесинен чыгып кетип, маңдайында келе жаткан автокөлүктү сүзгөн

ОШ, 7-ноя. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Тажикстандын төрт жараны ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Тажикстандын төрт жараны ооруканага түштү
Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Тажикстандын төрт жараны ооруканага түштү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Тажикстандын төрт жараны ооруканага түштү
© Sputnik / Зульфия ТургуноваОкуя 7-ноябрда эртең мененки саат 7:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун 648-чакырымында болгон.
Окуя 7-ноябрда эртең мененки саат 7:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун 648-чакырымында болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Окуя 7-ноябрда эртең мененки саат 7:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун 648-чакырымында болгон.
1/2
Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Тажикстандын төрт жараны ооруканага түштү
2/2
Окуя 7-ноябрда эртең мененки саат 7:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун 648-чакырымында болгон.

Анын айтымында, окуя 7-ноябрда эртең мененки саат 7:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун 648-чакырымында болгон.

Бишкек — Манас трассасында катуу ылдамдыкта бараткан BMW унаасы жолдон чыгып бакты сүзгөн видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу окуянын күбөсү билдирди - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортуна бараткан жолдогу авариядан 4 киши каза болду. Кырсыктын видеосу
"Nissan ALMERA унаасынын айдоочусу Ош шаарынан Өзгөндү көздөй келе жаткан. Айдоочу мас болгондуктан рулду башкара албай, жол тилкесинен чыгып кетип, маңдайында келе жаткан Mersedes-Benz — 412 унаасын сол капталынан аңтара сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Mersedes унаасынын төрт жүргүнчүсү алган жараатынан улам, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Алар Тажикстандын жарандары болгон", — деди Бечелов.

Учурда бул фактынын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0