Түптө чагылган тийип 17 жаштагы улан каза тапты

© AFP / JOCHEN LÜBKEЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашалуу окуя талаа жеринде болгон

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Бирлик айылына жакын жерде чагылган тийип 17 жаштагы бала каза тапканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, каргаша 7-ноябрь күнү болжол менен саат 22.00дөрдө талаа жеринде болгон.

Чагылгандын кесепетинен бир жылкынын да өлгөнү айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0