Жоголгон бир тууган балдар Москвадан табылып Кыргызстанга кайтарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГородской перинатальный центр в Бишкеке
Городской перинатальный центр в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Гүлзат Шарипова аттуу жарандын мурдагы жолдошу үч баласын Россияга уурдап кеткендиги тууралуу жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жоголгон балдар Москва шаарында табылып, 9-ноябрда туугандарынын коштоосунда Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Вопрос Минобрнауки: удалось ли урегулировать вопрос школьной формы по КР? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки окуучу кыз жоголду. Сүрөтү жана өзгөчө белгилери
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Гүлзат Шарипова аттуу жарандын мурдагы жолдошу үч баласын Россияга уурдап кеткендиги тууралуу жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, окуя боюнча бир катар кылмыш иштери козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Буга чейин Шарипова мурдагы жолдошу Кайрат Сатаевден зомбулук көргөндүгүн айтып Ленин РИИБине арызданганы белгилүү болду. Сатаев издөөдө жүргөн.

"Сатаев мурдагы жубайына айтпай жашы жете элек балдарын уурдап, Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө чыгып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан жана Россиянын күч кызматкерлеринин биргелешкен ишмердигинин жыйынтыгында Сатаев кармалып, жоголгон балдар табылган. Сатаев азыркы учурда Москвадагы убактылуу кармоочу жайлардын биринде.

Жаңылыктар түрмөгү
0