Ош шаарында көчөгө ташталган ымыркай табылды

© AFP / MUJAHID SAFODIEN Брошенная кукла во дворе в поселке Симунье, ЮАР
Брошенная кукла во дворе в поселке Симунье, ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын энесин аныктоо боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы Амир-Темур кичи шаарчасында жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык милиция билдирди.

Маалыматка караганда, 14-ноябрь күнү, саат 22:00дөр чамасында белгисиз аял жаңы төрөлгөн ымыркайды оролгон бойдон таштап кеткен.

"Жерине барган милиция кызматкерлери ымыркайды Ош шаардык төрөт үйүнө жеткиришти. Салмагы 3 килограмм 270 грамм болуп төрөлгөн кыздын абалы туруктуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кыздын энесин аныктоо боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0