Никитенко: Саляновдун өлүмү боюнча ишти ЖК төрагасы өз көзөмөлүнө алышы керек

Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, аталган иш боюнча тергөө иштери жакшы жүрбөй жатат

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти төрага жеке көзөмөлгө алышы керек. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, милиция 6-ноябрга караган түнү саат 1:30дар чамасында белгисиз үч адам Улан Саляновдун үйүнө кирип барып, аны атып кетишкендигин кабарлаган. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышкерлер ага эки ирет ок чыгарып, андан соң из жашырган. Салянов алган жаракатынан ооруканага жеткирилген соң каза тапкан

"Аида Салянованын иниси өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлдү. 10 күн өтсө да эч кандай маалымат жок. Тергөө дыкат өтүшү керек. Аида Жеңишбековна убагында коррупцияга каршы туруп, керектүү аракеттерди көргөн. Спикер катары сизге кайрылам, маселени жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз. Себеби жарандардын суроолору көп болуп жатат", — деди депутат.

Аталган маселени эл өкүлү Айсулуу Мамашова дагы көтөрүп, төрагадан маселеге өзү көз салуусун өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0