Мас айдоочунун колунан көз жумган небере менен таене. Канттагы кырсык кандайча болгон

© AP Photo / LILLI STRAUSSАвтомобиль на фоне выставка "Wellness Череп" в Вене
Автомобиль на фоне выставка Wellness Череп в Вене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда канттыктардын оозунан 12-ноябрда цирктин жанында болгон жол кырсыгы түшө элек. Мас айдоочу небереси менен анын таянесин сүзүп, өмүрлөрүнө забын болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жакындарын жоготкон үй-бүлө менен байланышып, маркумдун бир тууганынан кырсыктын чоо-жайын сураштырып көрдү.

53 жаштагы Наталья Касьян бир тууганын небереси менен туулган күнүндө жерге берди. Каргашалуу окуя 12-ноябрда болжол менен саат 19.30да Канттын Гагарин көчөсүндө болгон. ЖМКларда бул кырсык тууралуу маалыматтар көп чыкканы менен анын айрым деталдары белгисиз бойдон эле. Жол кырсыгына кабылган Касьян маек куруп, окуянын чоо-жайын айтып берди.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЭки кишинин өмүрүн алган Volkswagen Golf
Автонаезд на пешеходов в Канте - Sputnik Кыргызстан
Эки кишинин өмүрүн алган Volkswagen Golf

— ЖМКларга ар кыл маалымат жарыяланып кетти: бирөө небереси менен таенеси каза болду дешсе, айрымдар кызы менен энеси көз жумду дешти…

— Менин бир тууган сиңдим небереси экөө каза болду. 14-ноябрда Алена Шевченко 47 жашка чыкмак, ал эми небеерси Виктория Терехова 9 жашта болчу.

— Жаныңарда дагы ким бар эле?

— Үй-бүлөбүз менен циркке барганбыз. Алена бир, мен үч неберем мене болчубуз.

— Кырсык кандайча болду?

Бишкек — Манас аэропорту трассасында болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Аэропорттун жолунда каза болгон жигиттин телефону дагы деле табыла элек
— Оюн бүткөндөн кийин чыгып жолдон өтө баштадык. Аркы четте менин балам машинасы менен күтүп турган. Мен төрт баланы жолдон өткөрө албайм деп Аленага өзүнүн небересин жетелеп алуусун өтүндүм.

Жолго жакындаганда аркы четке бир такси токтоду. Четке жакындаганда таксист жыла баштаганынан анын унаасынан айланып өтүүгө аргасыз болдук. Эки улуу неберем алдыга чуркап кетишти, мен үч жаштагысын колунан жетелеп бараткам. Ушул маалда дөңгөлөктүн катуу кыйчылдап токтогонун угуп калдым… Андан ары эмне болгонун билбейм, эсимди жоготуп койсом керек. Жерде жатканымды эле билем. Бутуман жаракат алыптырмын, тура албай койдум.

Заматта эл чогулуп калды, Тез жардам келди да мени алып кетти. Дарыгерлерден менден башка эч ким жабыркаган жокпу деп сурасам, бирөөсү "сизге азырынча айтпай эле коелу дегенбиз…" дегенде эле баарын түшүндүм. 

© Фото / Владимир КасьянАйдоочу 9 жаштагы небереси Виктория Терехова менен жолдон өтүп бараткан 46 жаштагы Алена Шевченкону коюп кеткен
Автонаезд на пешеходов в Канте - Sputnik Кыргызстан
Айдоочу 9 жаштагы небереси Виктория Терехова менен жолдон өтүп бараткан 46 жаштагы Алена Шевченкону коюп кеткен

— Сиз сиңдиңиздин артыңыздан келе жатканын билген жок белеңиз?

— Жок, мен небереси экөө жолдун аркы четинде калышты го деп ойлогом.

— Жетелеп бараткан үч жаштагы небереңиз эмне болду?

— Кудайга шүгүр, колу эле бир аз ооруксунуп калыптыр.

— Жол жарыктандырылыптырбы? Келе жаткан унааны кантип көрбөй калдыңар?

— Ооба, аябай эле жарык болчу. Бирок биз жолдон өтө баштаганда тээ алыстан фаралардын күйүп жатканын көргөм. Машина өтө эле алыс болчу. Таксист жолду тосуп калбаганда жөн эле өтүп кетмекпиз.

— Демек, ал катуу келе жаткан экен да?

— Ылдамдыгы аябай эле катуу болчу.

© Sputnik / Максат ЭлебесовАйдоочу кичинекей кызды коюп кеткенден кийин дагы 100 метрдей сүйрөп кеткен
Айдоочу кичинекей кызды коюп кеткенден кийин дагы 100 метрдей сүйрөп кеткен - Sputnik Кыргызстан
1/3
Айдоочу кичинекей кызды коюп кеткенден кийин дагы 100 метрдей сүйрөп кеткен
© Sputnik / Максат ЭлебесовМаркумдун эжеси жабыркаган бутунан улам балдакчан жүрөт
Маркумдун эжеси жабыркаган бутунан улам балдакчан жүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маркумдун эжеси жабыркаган бутунан улам балдакчан жүрөт
© Sputnik / Максат ЭлебесовНаталья Касьян дал ушул колу менен үч жаштагы небересин жетелеп келе жаткан
Наталья Касьян дал ушул колу менен үч жаштагы небересин жетелеп келе жаткан - Sputnik Кыргызстан
3/3
Наталья Касьян дал ушул колу менен үч жаштагы небересин жетелеп келе жаткан
1/3
Айдоочу кичинекей кызды коюп кеткенден кийин дагы 100 метрдей сүйрөп кеткен
2/3
Маркумдун эжеси жабыркаган бутунан улам балдакчан жүрөт
3/3
Наталья Касьян дал ушул колу менен үч жаштагы небересин жетелеп келе жаткан

— Сиздин пикириңизде ким күнөөлүү?

— Так кесе айтуу оор. Бизди коюп кеткен айдоочу катуу келе жаткан, таксист жолубузду тосуп калды. Бирок биз өтүп кетсек, тиги айдоочу дагы бирөөнү койдурмак да… Бизди коюп кеткенде Виканы 100 метрдей сүйрөп кетиптир. Балдар үйгө ыйлап келип баарын айтып беришиптир.

— Арты кайрылуу болсун, кайрат кылыңыз. Тажиясы болуп өттү да?

— Ооба, аларды Аленанын туулган күнүндө — 14-ноябрда жерге бердик.

— Милиция эмне деди? Сизден көрсөтмө алыштыбы?

— Жок, алышкан жок. Мага бир милиционер чалып, сиңдим менен небересинин аты-жөнүн гана сурап тим болду. Милиция же менден, же менин баламдан эч кандай көрсөтмө алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0