Көлдө аялына асылган мастын өлгөнүн уккан күйөөсү өз жанын кыйды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСлушания уголовного дела Александра Максимова
Слушания уголовного дела Александра Максимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция Ысык-Көлдүн 26 жаштагы тургунунун өлүмүнүн чоо-жыйын айтып берди. Анын өмүрүнө кол салды деп кошуна келиндин күйөөсү жана анын эки досу шектелүүдө

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Кашат айылынын тургуну аялына асылган мас айылдашын өлтүрүп алгандан кийин өз өмүрүн кыйган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ушул жылдын 19-октябрында Кашат айылындагы алма бактан 26 жаштагы жарандын сөөгү табылган.

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, 17-октябрь күнү ал мас абалында кошуна келиндин эшигин каккылап, аны жыныстык катнашка мажбурлаган.

Бул учурда үйдө балдары менен отурган келин Бостери айылында иштеп жүргөн жолдошуна телефон аркылуу кабар берген.

"Күйөөсү өзүнүн ошол маалда Кашат айылында жүргөн тааныштарына телефон чалып, анын аялынын тынчын алып жаткан масты кармап турууну өтүнөт. Кийин масты үйдүн жанынан үчөөлөп сабашат. Мас адам качып кеткенине карабай артынан кууп барып, айылдын четинен дагы бир жолу ур-тепкиге алышат. Жыйынтыгында жабырлануучу ошол жерден жан бериптир", — деди Усубакунов.

Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Караколдо аял күйөөсүн кызганычтан улам жамбашка сайып жаралады
Анын айтымында, келиндин күйөөсү эсине келе түшүп, окуя болгон жерден качып жөнөйт. Эртеси үч адамдан таяк жеп каза болгон айылдашынын сөөгү табылары менен өз өмүрүн кыйган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамдарды бир айдан кийин колго түшүрдү. Алар ушул эле айылдын 40 жана 31 жаштагы тургундары, келиндин күйөөсүнүн тааныштары болуп чыкты.

Бул фактыга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0