Аборттон баш тартам деп апасы менен жеңесинен ажыраган кыз. Аксыдагы трагедия

© AFP / LOIC VENANCEБеременная женщина
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын билдиришинче шектүү жаран үй ээсинин кызы менен жакын мамиледе болуп жүргөн. Кийин кыздын боюна бүтүп калганда аборт жасоо талабын койгон.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Аксынын Авлетим айыл аймагында эки аялдын өлүмүнө шектелип ошол эле айылда жашаган 29 жаштагы эркек киши кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 14-ноябрга караган түнү айылдагы үйлөрдүн биринен эки аялдын сөөгү табылган. Андан сырткары, башынан оор жаракат алган кыз ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк анын кош бойлуу экени аныкталган.

Милициянын билдиришинче шектүү жаран үй ээсинин кызы менен жакын мамиледе болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча үй ээсинин кызы шектүүдөн боюна бүтүп калган. Мындан улам ал боюнан алдырууну талап кылат. Бирок түйүлдүк чоңоюп кеткендиктен кыз аборт жасоодон баш тарткан. Шектүү киши болжол менен мындан үч ай мурун башка кызга үйлөнгөн", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон түнү шектүү Toyota Camry унаасы менен кыздын үйүнө аборт маселеси боюнча сүйлөшүү үчүн келген.

"Алгач кызды сыртка чакырат да катуу нерсе менен чаап жарадар кылган. Андан соң үйгө кирип кыздын апасы менен жеңесин да катуу сабаган. Алган жаркатынан экөө тең ошол жерде мерт болгон. Окуядан кийин ал из жашырып кеткен. Милиция тинтүү жүргүзгөндө ал үйдөн шектүүнүн кийими жана башка издери табылган. Мындан тышкары, кандын издери ал качып кеткен унаасынан да табылган", — деп жазылат билдирүүдө.

Кылмышкердин колунан ажал тапкан кыздын апасы 52, жеңеси 26 жашта болчу. Ошондой эле ал үйдүн ичинде эки жашар бала жана бир жарым айлык ымыркай болгон. Алар уктап жаткан маалда шектүү келип кол салган.

Зордук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө кошуна келинге асылган масты айылдаштары өлтүрүп койгон. Шектүүлөр кармалды
Ал эми жаракат алган кыз учурда ооруканада жатат. Абалы дале оор бойдон калууда. Курсагындагы баласынын абалы жакшы.

Аталган факты боюнча Аксы РИИБ тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") 28-97-беренелери (адам өмүрүнө кол салуу) боюнча иш козголду. Кылмышка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн алкагында кылмыштуулук катталган жерге жакын жайгашкан үйлөр тинтүүгө алынып, тургундардын баарына сурак жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0