БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Панфилов районунда курулуш вагону өрттөнүп, 43 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кырсык Панфилов районунун Тилебалиев көчөсү, №191 дарегинде катталган.
"Өрттөн 23 чарчы метр курулуш вагону күйүп, ичинен 43 жаштагы адамдын сөөгү табылган", — деп жазылат маалыматта.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.