Өрт. Архив

Аламүдүндө 15 га аянттагы арчалуу токой күйүп, өрт кол менен өчүрүлүүдө

71
(жаңыланган 11:22 24.11.2017)
Өрт өчүрүү иштери ушу тапта улантылып жатат

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Теплые ключи" эс алуу жайынын чыгыш тарабындагы тоонун чокусунда болжол менен 15 гектар аянтта куураган чөп менен арчалар күйүп, өрт кол менен өчүрүлүп жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 23-ноябрь күнү түштөн кийин чыккан.

"Өрт тууралуу маалымат саат 16.15те түшкөн. Аталган жерге 8 куткаруучудан турган бир бөлүм тартылган. Бирок караңгы киргенине байланыштуу саат 20.10до өрт өчүрүү иштери токтотулган. Бүгүн эртең менен өрт чыккан жерге 35 өрт өчүрүүчү чыгып кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

71
Белгилер:
кургак чөп, арча, өрт, Аламүдүн району
Тема боюнча
Чүйдө вагон өрттөнүп 43 жаштагы адамдын сөөгү табылды
Жыл башынан бери өрттөн 50 киши каза болгон. Тилсиз жоодон кантип сактануу керек
Оодарылып кеткен унаа. Архивдик сүрөт

Бишкекте үч автоунаа кагышып, бири оодарылып калды. Видео

128
(жаңыланган 16:46 20.06.2021)
Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Автоунаанын баары айып короого токтотулуп, кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону такталып жатат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ордо калаанын Садыгалиев менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үч автоунаа кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине милициянын Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы катталган жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Видеодо көрүнүп тургандай, автоунаанын бири оодарылып калган.

Жол кырсыгы 20-июнь күнү саат 11:30дар чамасында болгон. Анда Toyota Wish, Mazda жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Милициянын Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Автоунаанын баары айып короого токтотулган. Учурда кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону такталууда.

128
Белгилер:
видео, автоунаа, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кубакы ашуусунда MAN автоунаасы жардан кулап, эки киши көз жумду
Фонтан. Архивдик сүрөт

Алматыда фонтанга түшкөн балдар менен аялды ток уруп, эс-учун жоготушту

129
(жаңыланган 15:29 20.06.2021)
Күбөлөрдүн айтымында, кыздар фонтандагы сууга түшүү үчүн бут кийимдерин чечип, кайра металл конструкциядан буттарын ала албай калышкан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Алматыда цирктин алдындагы фонтандан аял менен эки кызды ток уруп, эсин жоготуп жатып калышкан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан күбөлөрдүн айтымына таянып кабарлады.

Буга чейин интернетте жабыркагандар тартылган видео жарыяланган.

Окуяга Укилай Бестай аттуу казакстандык аял күбө болгонун Facebook баракчасына жазды. Ошол мезгилде ал балдары менен паркта сейилдеп жүргөнүн айтып, эки кыздын фонтанга бут кийимдерин чечип түшөйүн деп жатканын көргөнүн кошумчалаган.

"Алар металл конструкциядан буттарын ала албай калышты. Бир маалда алып чыгуу үчүн апасы чуркап келди. Бирок үн чыккан жок. Ошондо мен аларды ток урганын түшүнүп, элди жардамга чакыра баштадым. Бирок баары тең өз өмүрлөрүн тобокелге салууну каалаган жок окшойт. Бир убакта Абылай аттуу жигит аларга жардамга келип, жабыркагандарды суудан алып чыкты", — деп жазган ал.

Жабыркагандарга Абылайдан башка да бир киши жардам бергени маалым болду. Күбөлөрдүн айтымында, кыздардын бири эсине дароо келген. Ал эми аял менен экинчи кызга ошол жерде чогулгандар жардам бергенден кийин көзүн ачкан.

Азыркы тапта жабыркагандардын абалы белгисиз.

Sputnik Казакстан агенттиги жабыркаган аял менен кыздар тууралуу маалымат алуу үчүн Алматы шаарынын ден соолук боюнча коомдук башкармалыгына, куткаруучуларга жана милицияга кайрылды.

129
Белгилер:
видео, күбө, суу, фонтан, ток, Алматы
Тема боюнча
Өмүралиева: фонтандардагы сууга түшкөндөргө ооруу жугат
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы