Токтогул суу сактагычында ири көлөмдөгү балык уулоочу тор табылып, жок кылынды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБереговая охрана на озере Ханка
Береговая охрана на озере Ханка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жеринде тийиштүү документтерди түзүп, торлор өрттөлдү

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлор жок кылынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Сотрудник NABU Амантур Талгатбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Радио
Талгатбек уулу: ак илбирсти аткандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылат
Маалыматка ылайык, инспекторлор суу сактагычта атайын текшерүү жүргүзүп, ал жакта жалпы узундугу бир чакырымга жакын болгон 18 даана балык уулоочу тор тапкан. Адистер жеринде тийиштүү документтерди толтуруп, торлор өрттөлгөн.

Ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери соңку бир айда Ысык-Көлдө 20 чакырымга жакын, Орто-Токой менен Соң-Көлдө 10 чакырымдан ашык тор жок кылынып, браконьерлерден 7 моторлуу кайык алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0