Тоңдун тургундары малга кол салган карышкырдын дөбөтүн атып алышты

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүВолк а территории зообазы киностудии "Центрнаучфильм"
Волк а территории зообазы киностудии Центрнаучфильм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 21-ноябрда болгонун жергиликтүү тургундар билдиришти

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ала-Баш айылынын тургундары талаадан карышкырдын дөбөтүн атып алышканын айыл тургуну Самат Кыдыкбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, айлдык мергенчилер 21-ноябрь күнү атайын чыгып карышкырды тоодон атышкан.

"Жырткыч талаада калган малды жарып, айылдыктарга бир топ кыйынчылык жаратып келет. 21-ноябрда мергенчилердин тобу чыгып, эки карышкыр атышкан. Бирөө өлүп, жарадар болгону качып кеткен. Мергенчилер буга чейин да ууга чыгып, башка карышкырды жарадар кылып, аны таппай калышкан. Жарадар болгон экинчи карышкырды издеп жүрүп биринчи карышкырды таап алышыптыр", — деди Кыдыкбеков.

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байгеге коюлган карышкыр. Той ээси жырткычты кайдан алганын айтып берди
Ал ошондой эле атылган карышкырдын салмагы 60-70 килограмм, булку боюнун узундугу 180 сантиметрден жогору экенин кошумчалады.

Ала-Баш айылы тоого жакын жайгашкан айыл.

Буга чейин Сарычат — Эрташ ашуусунда бузулуп калган машинасын оңдоп жаткан ата-балага карышкыр кол салган болчу. Бактыга жараша үй-бүлө ээсинин аялы дароо байкап калып, карышкырды жүрөккө сайып өлтүрүп, күйөөсүн жана баласын аман алып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0