Ош: Lexus менен бараткан үч киши кырсыктан мүрт кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосква
Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трагедия бүгүн, 26-ноябрда саат 17:00 дө болгон

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ош облусунда бир нече кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы болду деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык милициядан. 

Кандуу окуя 26-ноябрда саат 17:00 дө  Ош — Эркештам кан жолунун 54-чакырымында болгон. Бир туугандар Алай районун көздөй бара жаткан. 

"Алар Lexus-470 автоунаасы менен кетип бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда айдоочу рулду башкара албай калган", — деп айтышты милициянын маалымат кызматынан.

Учурда иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0