Ысык-Көл облусунда эки унаа бет маңдай кагышкан

Көлдө ымыркайы менен бараткан келин кырсыкка кабылды. Жеринен алынган сүрөттөр

1847
(жаңыланган 17:47 27.11.2017)
Жол кырсыгынан жабыркагандар ооруканага жеткирилди

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки унаа бет маңдай кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди. 

© видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Көлдө ымыркайы менен бараткан келин кырсыкка кабылды. Жеринен алынган сүрөттөр

Анын айтымында, жол кырсыгы 27-ноябрь күнү болжол менен 9.30дар чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунда, тагыраагы Оргочор айылына жакын жерде болду.

Audi унаасы өз жолу менен кетип бара жатканда башка жеңил унаа катуу ылдамдыкта каршы тилкеге чыга калып, экөө бет маңдай сүзүшкөнү айтылды. Audi унаасынын айдоочусу катуу жаракат алган.

  • Лобовое столкновение двух автомобилей в районе села Оргочор
    Ысык-Көл облусунда эки унаа бет маңдай кагышкан
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • Лобовое столкновение двух автомобилей в районе села Оргочор
    Жол кырсыгы 27-ноябрь күнү болжол менен 9.30дар чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунда, тагыраагы Оргочор айылына жакын жерде болду
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
1 / 2
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Ысык-Көл облусунда эки унаа бет маңдай кагышкан

"Мен дароо эле чуркап барып айдоочуга алгачкы жардам көрсөттүм. Ал коопсуздук курун тартынбагандыктан, рулду катуу сүзүп алыптыр. Алдыңкы айнектин сыныктары анын бетине чачырап, канжалап кетиптир. Тиги унаадагы улгайып калган айдоочу менен аял дагы жаракат алышты. Ал эми алардын жанындагы эмчектеги баласы бар келин, бактыга жараша, жабыркаган эмес", — деди күбө болгон аял.

Жабыркагандар ооруканага жетирилди.

Милиция кырсык болгонун тастыктады.

1847
Белгилер:
кырсык, унаа, Ысык-Көл
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Тема боюнча
Кочкордо КамАЗ менен Opel кагышып бир адамдын өмүрү кыйылды
Нарында дарыяга автоунаа кулап, төрт киши каза тапты. Сүрөт
Ош: Lexus менен бараткан үч киши кырсыктан мүрт кетти
Пикирлер