Убактылуу кармоочу жайдан качып чыккандардын экөө кармалды

Жазылуу
Качып чыккан төрт кишинин экөө адам өлтүрүүгө, калган экөө каракчылыкка шектелип камакка алынган

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Сокулуктун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып чыккан төрт кишинин экөө кармалганын ИИМ билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-ноябрь күнү, киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча камакка алынган төрт адамдын качып чыкканы маалымдалган.

28-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат 12.30дарда "Сирена" ыкчам планын ишке ашыруу маалында Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан эки качкын кармалган.

"Алардын арасында адам өлтүрүүгө шектелген Рамил Базаркулов жана каракчылык менен камакка алынган Бакыт Дилдешов колго түшүрүлдү. Экөө тең 38 жашта", — деп айтылат билдирүүдө.

Калган эки качкынды кармоо боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Милиция качып кеткен жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди 0 312 43-88-91, 43-88-85, ИИМдин нөөмөт бөлүмү 0 312 662331 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0