Бишкекте 16-кабаттан кулаган курулушчу каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүНовостройки в Москве
Новостройки в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Кыргызстандын борборунда катталган

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө курулуш жүрүп жаткан жерде 16-кабаттан кулап кеткен кытайлык жаран каза болгонун укук коргоо органдары билдирди.

Кырсык бүгүн, 28-ноябрда, түшкө маал болгон.

"Эркек киши Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жаткан курулушта иштеп келген. 6-кабатка жеткенде тактайга урунган. Алган жаракатынан жумушчу ошол жерден жан берген", — дешти милициядан.

Учурда аталган аймакта тергөө тобу иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0