Сокулуктагы абактан качкан үчүнчү киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСовместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека
Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран Түркмөнстанда туулган 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев болгон

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Сокулуктун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып чыккан төрт кишинин үчүнчүсү кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда 28-ноябрда кечки саат 21.00дө "Сирена" ыкчам планын ишке ашыруу маалында милиция кызматкерлери качкынды Бишкектин Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишенен колго түшүргөн. 

© Фото / пресс-служба МВД КРКармалган жаран Түркмөнстанда туулган 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев
Ачылдурдиев Багтият Турдукулович 1985 года рождения, уроженец Туркменистана - Sputnik Кыргызстан
Кармалган жаран Түркмөнстанда туулган 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев

Кармалган жаран Түркмөнстанда туулган 32 жаштагы болуп чыкты. Ал Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык", "Документтерди уурдоо, жок кылуу" жана "мүлктү атайылап жок кылуу же бүлдүрүү" беренеси менен айыпталып кармалган.

Конференция по реформированию уголовно-исполнительной системы - Sputnik Кыргызстан
Сокулук РИИБ жетекчилигине 17 жашынан бери органда иштеген полковник дайындалды
Эскерте кетсек, 27-ноябрь күнү киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча камакка алынган төрт адамдын качып чыкканы маалымдалган. Бир күндөн кийин качкындардын экөө кармалган

Түрмөдөн качуу фактысынан улам Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтан алынган.

Ал эми "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кармалган Чүй облусунда төрөлгөн 28 жаштагы Кайрат Жанботоевди издөө уланууда.

Милиция качып кеткен жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди 0 312 43-88-91, 43-88-85, ИИМдин нөөмөт бөлүмү 0 312 662331 же 102 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0