Кадамжайда жол кырсыгынан эже-сиңди жана бирөөсүнүн рулдагы баласы каза болду

© AFP / PHILIPPE HUGUENОбильный снег в Говеаверсвельде, на севере Франции
Обильный снег в Говеаверсвельде, на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан жаракат алган айдоочунун жубайы, кызы жана дагы бир таежеси ооруканага жеткирилген

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда жеңил унаа жол кырсыгына кабылып үч адам мүрт кетти. Бул туурасында Баткен ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Полиция Москвы о ДТП с кыргызстанцами: состояние пострадавших тяжелое - Sputnik Кыргызстан
Ош: жол кырсыгынан каза болгон үч бир туугандын экөө жетекчилик кызматта иштеген
Кырсык 29-ноябрда түнкү саат 23:45дер чамасында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында болгон. Анда Кадамжайдын Сары-Алтын айылынын 33 жаштагы жашоочусу Daewoo Nubira унаасы менен 67 жаштагы апасы, 30 жаштагы жубайы, үч жашар кызы болуп Көк-Талаа айылында жашаган 76 жана 56 жаштагы туугандарын алып келе жатып кырсыкка кабылган. Алар Кызыл-Кыя шаарындагы "Алтын-Казына" тойканасынан чыгып үйүнө бара жатышкан.

"Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу, анын апасы, таежеси мүрт кеткен. Ал эми жубайы, кызы жана дагы бир таежеси Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0