Милиция кызматкеринин формасы. Архив

ИИМ: Чүй облусунда милиция өзүн өлтүрүүгө аракет кылган

291
(жаңыланган 17:48 04.12.2017)
Ал буга чейин да өмүрүн кыюуга аракет кылганы айтылды

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кайгуул милициясынын кызматкери өз өмүрүн кыюуга аракет кылганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги маалымдагандай, буга чейин 26 жаштагы милиционерди белгисиз кишилер бычактап кетти деп ЖМКга чыккан маалыматтар чындыкка туура келбейт.

ИИМдин билдиришинче, 3-декабрда саат 20:00дөр чамасында Жайыл РИИБдин Кайгуул милициясынын кызматкери үйүндө өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Маалыматты жубайы тастыктаган. Окуя болгон жерден бычак табылган.

Жубайынын айтымында, күйөөсү буга чейин да жанын кыюуга аракет кылган. Ушу тапта сот-биологиялык жана сот-медициналык экспертиза дайындалды.

ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Милиционер ички иштер органдарында 2011-жылдан тарта иштейт, эки баласы бар.

291
Белгилер:
суицид, Кайгуул милициясы, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жер талашкан туугандарынын көзүн тазалоо үчүн энеси менен кызы киллер жалдаган
Коронавирустан каза болгон бейтап. Архивдик сүрөт

Өткөн суткада COVID-19дан беш кыргызстандык каза болду

17
(жаңыланган 10:47 30.11.2020)
Акыркы ай ичинде коронавирустан күн сайын жаңы өлүмдөр катталууда. Пандемия башталгандан бери каза тапкан кыргызстандыктардын саны 1 271ге жетти.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан беш адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Алар:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Чүй облусунда — 1;
  • Ош облусунда — 1;
  • Талас облусунда — 2.

Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 271ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 833 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 113 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 45 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 942 — орто оор;
  • 733 — оор;
  • 113 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 772 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

17
Белгилер:
өлүм, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Кыргызстандагы COVID: дагы төрт киши ооруну жеңе албай калды
Коронавирустан бөтөнчө жапа чеге турган кесип ээлери аталды
Сейсмограф маалыматтары. Архив

Түндө Кочкордо эки жолу жер титиреди

28
(жаңыланган 10:15 30.11.2020)
Жердин силкинүүсү алгачкысында төрт, андан кийинкисинде үч баллга жеткен. Биринчи менен экинчи жер титирөөнүн аралыгы өтө узак болгон эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түндө Нарын облусунун аймагында эки ирет жер силкинип, очогунда күчү 4 баллга жетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жер титирөө саат 23:47де Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаары. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Андан кийин афтершок болгон. Тагыраагы, 30-ноябрда түнкү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында жер дагы силкинип, ал 3 баллга жеткен. Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматында жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

28
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Кочкор, Кыргызстан
Тема боюнча
Эртең менен Ошто жер титиреди
COVID-19га кабылган бейтаптарды караган врач. Архивдик сүрөт

380 кишиден коронавирус табылып, 360 бейтап айыкты. Соңку статистика

0
(жаңыланган 10:56 30.11.2020)
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын ичинен бешөө ооруну кызыл зонадан илештирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 380 кишиден коронавирус аныкталып, 360 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, оору жуктургандын көбү Бишкек шаарында катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 137;
  • Ош – 4;
  • Чүй облусу – 79;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 19;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 27.

Айыккандар:

  • Бишкек – 84;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 49;
  • Жалал-Абад облусу – 53;
  • Баткен облусу – 60.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 72 807ге жетип, анын ичинен 64 149 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып, жалпы 1 271 адам көз жумду.

Бир суткада 17 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын ичинен бешөө ооруну кызыл зонадан жуктурган.

  • Бишкек шаары – 10 (кызыл зонадан 5);
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ош шаары – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 2.

Кечээтен бери үй карантининен алты медик айыгып чыгарылган.

0
Белгилер:
медик, илдет, бейтап, оору, статистика, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Өткөн суткада COVID-19дан беш кыргызстандык каза болду