Алматы — Бишкек жолунда автобус оодарылып, эки адам каза болду. Видео

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен дагы 10 киши ооруканага жеткирилди

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Алматы — Бишкек унаа жолунда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кетип, эки адам каза болгонун Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кочкордогу жол кырсыктан ымыркай чарчап калды
Жол кырсыгы аталган жолдун 62-чакырымындагы Узынагаш айылында болду. Көз жумган эки адамдан тышкары райондук ооруканага 10 киши жеткирилди. Алардын бири өспүрүм.

Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иштеп жатат. Укук коргоо органдарынын билдиришкендей, Шымкенттен Алматыга бара жаткан автобустун ичинде 43 адам болгон.

Алдын ала маалымат караганда, 41 жаштагы айдоочу тайгактан улам унаанын рулун башкара албай калган.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0