Сузак: жол четинен машина сүзгөн окуучулардын бири каза болду

Жазылуу
Кырсыктан жабыркаган экинчи окуучунун буту сынып, ооруканага кайрылса, үч окуучу унаадан качып аман калган

ЖАЛАЛ-АБАД, 4-дек. — Sputnik. Сузак районунун Кара-Чолок айылында жол четинде турган окуучу баланы белгисиз унаа коюп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 3-декабрь күнү саат 21:30дар чамаларында Жалал-Абад — Казарман жолунун 35-чакырымында катталган.

"Кара-Чолок айылындагы №54 орто мектебинин 9-классынын беш окуучусу мончого баруу үчүн жол четинде турушкан. ВАЗ 2121 "НИВА" үлгүсүндөгү автоунаа Казарман багыты боюнча бара жатып, балдар турган тарапка белгисиз себептер менен бурулуп келип, аларды койдуруп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып качкан. Окуянын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм бала кырсык болгон жерде каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми экинчи окуучунун оң буту сынып, Октябрь аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Обильный снег в Говеаверсвельде, на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайда жол кырсыгынан эже-сиңди жана бирөөсүнүн рулдагы баласы каза болду
"Ал эми калган үч бала автоунаадан качып аман калып, жабыркаган классташын ооруканага жеткиришкен. Тергөө-ыкчам топторунун аракеттеринин натыйжасында кылмышка Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну шектелүүдө. Ал өзүнүн ВАЗ-2121 "НИВА" үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болду. Шектүү жашаган үйүнө унаасын жашырып, дайынсыз кеткен. Унаа кырсыкка кабылгандыгы далилденип, тергөөчү тарабынан акт түзүлүп, айып короого киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кылмышка шектүүнү кармоо иш-чаралары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0