Түркиянын Бурса провинциясында 27 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду

© AFP / ARIS MESSINIS Больница в Афинах
Больница в Афинах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Бурса провинциясынын полициясы КР жаранынын өлүмүнүн себептерин териштирип жатат

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Түркиянын Бурса провинциясында Кыргызстандын жараны көз жумду. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Каза болгон жаран Талас облусунда туулган 27 жаштагы кыз болгон.

"Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу жергиликтүү милиция менен байланышты. Учурда Бурса провинциясынын полициясы КР жаранынын өлүмүнүн себептерин териштирип жатат", — деп жазылат билдирүүдө.

Түрк компаниялары менен каза болгон жарандын сөөгүн мекенине акысыз алып келүү боюнча макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0