ТИМ: Литвада жоголгон КР айдоочусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталды

© AP Photo / Vadim GhirdaПротест в Бухаресте
Протест в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп, шектүү жаран аныкталган

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Литвада 28-ноябрда жоголгон айдоочу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигине таянуу менен билдирди.

Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Жайылда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип анын аялы жана туугандары кармалды
Маалыматка ылайык, Н.Х. аттуу КР жараны Литвада Каунас шаарынан Клайпеда аймагына баратып жоголуп кеткен.

4-декабрда Кыргызстанды Белоруссиядагы элчилиги Каунас округунун полициясынын башкы комиссариаты менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Анын жыйынтыгында КР жараны киши колдуу болуп каза болгону аныкталган.

Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп, шектүү жаран аныкталган.

Учурда Кыргызстандын элчилиги керектүү болгон консулдук кызматтарды көрсөтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0