Унаадагы милиция кызматкери. Архив

Бишкекте милициянын унаасы менен кагышып, бейбаштык кылган 4 киши кармалды

431
(жаңыланган 16:03 07.12.2017)
Алардын төртөө тең мас абылында болгон

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Шопоков көчөсүндө милициянын кызматтык унаасы менен кагышкан машинанын айдоочусу мас абалында болгону аныкталды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирмеге караганда, кечээ, 6-декабрда кечки саат 17.00дөр чамасында LADA Priora үлгүсүндөгү милициянын кызматтык унаасы менен Mazda Atenza кагышкан. Кызматттык унаада ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын старшинасы болгон. Ал "Дордой" базарынан чакыруу түшүп бара жаткан. 

"Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Mazda Atenza айдоочусунун мас абалында болгону жана милиция кызматкеринин ичимдик ичпегени аныкталды. Mazda Atenza унаасынын жүргүнчүлөрү окуя болгондон кийин милиция кызматкерин сөгүп, айдоочуну алып кетүүгө аракет кылышкан. Мындан сырткары, кызматтык унаадагы видео байкоону талкалап флеш-картасын алып алышкан", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган факты боюнча Свердлов райондук милициясы тарабынан төрт киши кармалып, 234-берене (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле кармалгандардын төртөө тең мас абылында болгону аныкталган. 

Учурда эки унаа тең айып короого киргизилип, тийиштүү экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланып жатат. 

431
Белгилер:
жол кырсыгы, айдоочу, мас, милиция
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (487)
Тема боюнча
Бишкекте төрт машина кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр
Сузак: жол четинен машина сүзгөн окуучулардын бири каза болду
Айдаркенден Ошко бараткан кичи автобус оодарылып, жүргүнчүлөр жабыркады
Пикирлер