Бишкекте жүк жана жүргүнчү ташыган эки кичи автобус кагышты. Сүрөт

Жазылуу
Жол кырсыгы Профсоюзный менен Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ишемби күнү, 9-декабрда борбор калаада жүк жана жүргүнчү ташыган эки кичи автобус кагышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине күбө билдирди.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП с пассажирским и грузовым микроавтобусами в Бишкеке
ДТП с пассажирским и грузовым микроавтобусами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ДТП с пассажирским и грузовым микроавтобусами в Бишкеке

Анын айтымында, эртең менен 8:30да жумушка кетип баратып кырсыкка күбө болгон.

"Кичи автобустун бири Профсоюз көчөсү менен келе жатса, экинчиси Патрис Лумумбадан Чүй проспектисин көздөй бара жаткан. Жүргүнчү ташыган бус жүк ташыган автобустун капталына кирип кетти", — деди күбө.

Кырсыктан жабыркагандар боюнча маалымат учурда такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0