Маевка айылында үй өрттөнүп, бир аял күйүп кетти. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттүн себеби такталууда

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Аламүдүн районунун Маевка айылында үй өрттөнүп бир аял каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоо 8-декабрда Махатма Ганди көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде чыгып, билдирүү ӨКМге 11.30да түшкөн. Натыйжада окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа барып 12.02де чектөөгө алган. Ал эми саат 15.28де толугу менен өчүрүлгөн.

"130 чарчы метрлик үй толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүлгөндөн кийин кызматкерлер калдыктарды иреттеп жатып бир аялдын сөөгүн табышты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.

Өрттөн кантип сактануу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрсөңүз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0