БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Шабдан Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes Benz w-140 унаасы күйүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
В Бишкеке горит авто! pic.twitter.com/OPEmXaA4H9
— kgdaddy (@6Uneepx0il7oWNr) 10 декабря 2017 г.
Аталган маалыматты ӨКМ дагы тастыктап өрт тууралуу 10-декабрда кечки саат 20.56да чакыруу түшкөнүн кабарлады. Чыккан өрт саат 21.28 толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктан келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Жабыркагандар жок.