Сириядан келип өлкө ичинде башаламандык уюштурууну пландаган согушкер кармалды

© AP Photo / Patrick Seeger / dpaДело об убийстве в Фрайбурге
Дело об убийстве в Фрайбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Кыргызстандын 28 жаштагы жараны экени аныкталды

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда террордук аракеттерди жасап, башаламандык уюштурууну көздөгөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Здание Госдепартамента в США. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
АКШ бийлиги дүйнө жүзүндөгү террордук кооптуулуктар боюнча эскертүү кылды
Ага ылайык, согушкер 6-декабрда УКМКнын террордук аракеттердин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чарасынын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн.

Кыргызстандык жаран 2016-жылдын ноябрынан 2017-жылдын сентябрына чейин эл аралык террордук уюмдун катарында атайын машыгуудан өтүп, Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан.

"28 жаштагы жаран эл аралык террордук уюмдун жетекчисинин буйрутмасы менен Кыргызстанга жиберилип, кишилерди Сирияга жөнөтүп туруу милдетин алган", — деп айтылат маалыматта.

УКМК Кылмыш жаза кодексинин "КР жарандарынын башка мамлекеттин аймагындагы аскер, согуш аракеттерине катышуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0