Бишкекте жол чырактын алдынан энеси менен кызын сүзгөн айдоочу качып кетти

© AFP / JOHANNES EISELEСоблюдение ПДД в Шанхае
Соблюдение ПДД в Шанхае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ социалдык тармактын колдонучуусу Nissan X-Trail унаасы келинди сүзүп, кызынын бутун тебелеп токтогонун жазган

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Жибек Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде бир келинди жаш кызы менен унаа коюп кетип, айдоочусу из жашырып кеткени туурасында социалдык тармактын колдонуучусу жазган

Автомобиль на фоне выставка Wellness Череп в Вене - Sputnik Кыргызстан
Мас айдоочунун колунан көз жумган небере менен таене. Канттагы кырсык кандайча болгон
Анда Nissan X-Trail унаасы келинди сүзүп, кызынын бутун тебелеп токтоптур. Жабырлануучулар ооруканага өздөрү барышкан, укук коргоо органдары реакция кыла электиги айтылууда.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кырсыктан жабыркаган Мээрим Усупбаева менен байланышты. Анын айтымында, окуя кечээ, 10-декабрда, саат 13.00дөр чамасында болгон. Бирок алар ооруканага жана милицияга кайрыла элек.

"Эки кызым менен маршруткадан түшүп, жол чырак кызыл күйгөндө өтүп бара жатканда катуу келген унаа сүзүп, мен кулап түштүм. Артымды карасам 5 жашар кызымдын буту дөңгөлөктүн алдында туруптур. Анан улуу кызым машинаны артка айдатып бутун тартып алды. Бирок айдоочу унаасынан түшпөй качып кетти", — деди жабырлануучу.

Ошондой эле ал кечээ ооруканага барбаганын, окуя болгон учурда шок абалында болгондуктан Тез жардам чакыртпай кетип калышканын айтты. Бирок үйүнө баргандан кийин жамбашы жана башы ооруй баштаган. Ал эми кызы оор жаракат алган эмес. Усупбаева бүгүн Чүй облустук ооруканасына барып кароодон өтүп, андан соң милицияга арыз жаза турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0