Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунда Toyota Avensis унаасы көлмөгө түшүп кетти

Токмокко жакын жерде машина көлмөгө түшүп кетип, 4 адам каза болду

661
(жаңыланган 11:09 12.12.2017)
Куткаруучулар автоунааны суудан чыгарышкан

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунда Toyota Avensis унаасы көлмөгө түшүп кетип, төрт адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

  • ДТП на автотрассе Бишкек — Нарын — Торугарт
    Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунда Toyota Avensis унаасы көлмөгө түшүп кетип, төрт адам каза болду.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • ДТП на автотрассе Бишкек — Нарын — Торугарт
    Кырсык трассанын 38-чакырымындагы Токмок шаарынын аймагында бүгүн болгон.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунда Toyota Avensis унаасы көлмөгө түшүп кетип, төрт адам каза болду.

Маалыматка ылайык, кырсык трассанын 38-чакырымындагы Токмок шаарынын аймагында бүгүн болгон. ӨКМдин өрт-курткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 13.35де окуя болгон жерге барып автоунааны суудан чыгарышкан. Машинанын ичинде төрт адамдын баары каза болгон.

661
Белгилер:
көлмө, ӨКМ, Токмок
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Тема боюнча
Россиядагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болду
Жалал-Абад: тоонун башынан жүрөгү кармаган мергенчи каза болду

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

997
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

997
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео

457
Ош облусунда криминалдык чөйрөдөгү адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, кармоо учурун YouTube каналына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, спецназ шектүүнү колго түшүргөндөн кийин жерге жаткырып, колун кишендеп, андан бир нече суммадагы акча каражатын тапкан.

ИИМ билдиргендей, ага чейин жергиликтүү тургун 34 жаштагы жаран опузалап акча талап кылып жатканы боюнча милицияга арызданган. Маалым болгондой, кримтөбөл арыз ээсинен бир нече айдан бери 100 миң сом же беш сотых жер бер деп талап кылып жүргөн.

УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Милиция кызматкерлери шектүүнү 20-октябрда Кара-Суу районунан колго түшүрүшкөн. Анын криминал чөйрөсүнө тиешеси бар экени аныкталып, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду. Буга чейин ал Россияда каракчылык үчүн соттолуп чыккан.

457
Белгилер:
видео, кармоо, Ош
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

0
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

0
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео