Ысык-Көлдөгү "Витязь" пансионатында чыккан өрт өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в пансионате "Витязь" в Иссык-Куле
Пожар в пансионате Витязь в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Витязь" пансионатынан чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн түшкү саат 14.15те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Витязь" пансионатынын корпусу күйүп жатканы туурасында ӨКМге маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө өрт-куткаруу бөлүмүнүн үч бригадасы тартылган. Тилсиз жоонун жалыны саат 16.15де чектөөгө алынып, бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0