Кыргызстанда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун жети мүчөсү кармалды

© AP Photo / Rick BowmerПриют в центре города Солт-Лейк-Сити
Приют в центре города Солт-Лейк-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү учурунда алардан жардыруучу каражаттар, тыюу салынган адабияттар жана Жалал-Абад облусунун картасы табылган

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Укук коргоо органдары УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чарасын жүргүзүшкөн. Козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунда бир нече жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 43 жаштагы жаранга тийиштүү Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаанын ичинен экстремисттик маанайдагы китептер менен баракчалар табылган.

© Фото / пресс-служба МВД КРУкук коргоо органдары УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чарасын жүргүзүшкөн.
Задержание членов запрещенной организации Хизб ут-Тахрир в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
1/2
Укук коргоо органдары УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чарасын жүргүзүшкөн.
© Фото / пресс-служба МВД КРКозголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунда бир нече жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунда бир нече жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунда бир нече жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды.
1/2
Укук коргоо органдары УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чарасын жүргүзүшкөн.
2/2
Козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунда бир нече жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды.

Ошондой эле беш жарандын үйүндө санкциялык тинтүү жүргүзүлүп, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын китептери, брошюралар, аудио жана видео материалдар алынган.

Негизги шектүүлөрдүн бири болгон 32 жаштагы жарандын үйүнөн экстремисттик маанайдагы китептер, баракчалар, блокнот, флеш-карта, аудио жана видео материалдар табылган. Мындан тышкары, мыйзамсыз сакталган жардыруучу каражаттар, РГД-5 гранатасы, бет кап, кол кап, Жалал-Абад облусунун картасы, жарылуучу каражаттарды даярдоо инструкциясы алынган.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны үч эсеге көбөйдү
Ошентип Жалал-Абад облусунан тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" террористтик уюмдун жети мүчөсү кармалып, бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Анын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши башталды.

ИИМ укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзам бузууларды аныктоо максатында ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0