Чүйдө эки адамды поезд уруп, бирөө каза тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота железнодорожного вокзала в Бишкеке
Работа железнодорожного вокзала в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз темир жолу" поезд 500 метрден 800 метрге чейин жүрүп барып токтой турганын эскертет

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Чүй облусунда поезд эки адамды коюп, бирөө каза тапты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын сайтына жарыяланды.

ДТП на автотрассе Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Токмокко жакын жерде машина көлмөгө түшүп кетип, 4 адам каза болду
Маалыматка караганда, "Бишкек I" жана "Бишкек II" темир жолунун 3777-чакырымында 30-35 жаштагы кишини тепловоз коюп кеткен. Учурда окуя кандайча болгонун укук коргоо органдары териштирип жатат.

Экинчи кырсык "Токмок" темир жол бекетинде болгон. 19-20 жаштагы кызды жүрүп бара жаткан маневрдук состав уруп кетип, бутунан жаракат алган. Учурда жабырлануучу ооруканада.

Поезд автоунааларга окшоп дароо токтой албайт, ал 500 метрден 800 метрге чейин жүрүп барып токтой турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0