Ош базарынын аймагындагы мейманканаларга жүргүзүлгөн рейд учурунда 12 сойку кармалды.

Бишкектеги Ош базардын аймагынан 12 сойку кармалды

1346
(жаңыланган 12:18 13.12.2017)
Рейдди мэрия укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бүгүн, 12-декабрда Ош базарынын аймагындагы мейманканаларга жүргүзүлгөн рейд учурунда 12 сойку кармалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рейдди Ленин райондук администрациясы укук коргоо жана фискалдык органдар менен биргеликте жүргүзгөн. Ошондой эле мэриянын шаардык жана райондук кызматтарынын өкүлдөрү дагы катышкан.

  • Рейд в районе Ошского рынка Бишкека
    Бүгүн, 12-декабрда Ош базарынын аймагындагы мейманканаларга жүргүзүлгөн рейд учурунда 12 сойку кармалды.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Рейд в районе Ошского рынка Бишкека
    Рейдди Ленин райондук администрациясы укук коргоо жана фискалдык органдар менен биргеликте жүргүзгөн.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бүгүн, 12-декабрда Ош базарынын аймагындагы мейманканаларга жүргүзүлгөн рейд учурунда 12 сойку кармалды.

Ленин райондук ИИБ тарабынан мейманкана тибиндеги 14 үй жана анда жашаган 75 адам текшерүүгө алынып, денесин саткан кыздар Ленин райондук ИИБге жеткирилген.

Мэриядан билдиришкендей мындай иш-чаралар тез-тез болуп турмакчы.

1346
Белгилер:
сойкулук, рейд, сойкукана, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Ош шаарында башаламан эл ташыгандар тартипке салынууда