Нарын: арактан башы чыкпаган ата-эне уулун таппай калган. Милиция сөөгүн алып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековВерхне-Нарынский каскад ГЭС строится на русле реки Нарын
Верхне-Нарынский каскад ГЭС строится на русле реки Нарын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жаштагы баланын сөөгү үйдөн анча алыс эмес Нарын дарыясынын жээгинен табылган

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн, 14-декабрда, Нарын шаарында беш жаштагы баланын сөөгү табылганын облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бала 13-декабрь күнү болжол менен саат 17.30 — 18.00дөр аралыгында жоголуп кеткен. Милицияга наристенин энеси кайрылган. Баланын сөөгү арыз түшкөндөн кийин дароо эле үйүнөн анча алыс эмес жерден табылган.

"Үй-бүлө Нарын дарыясынын жанында, жарга жакын жашайт экен. Алдын ала божомол боюнча бала 7 метрлик бийиктиктен ташка кулап кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Операция по уничтожению оружия в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Кызын калкалап ок жеген эне, классташын өлтүргөн өспүрүм. Ноябрдагы соттук 8 чечим
Аталган факты боюнча сот-медициналык экспертиза дайындалып, бала денесинен эч кандай жаракат албаганы аныкталган. Милиция наристенин ата-энеси тынчы жок үй-бүлө катары атайын каттоодо экенин кошумчалады.

"Жубайлар көп ичишчү. Болду-болбоду ал күнү да ичип отуруп, баланын жоголгонун билбей калышса керек. Эртеси текшерүүдөн өткөргөндө да алардын кызуу экени такталды", — дешти тартип сакчылары.

Азырынча кылмыш иши козголо элек. Кийинки чечим экспертизанын жыйынтыгы менен чыгарылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0