Кеминде 17 жаштагы баланы муунтуп өлтүрүүгө шектелип 7 курдашы кармалды

© Sputnik / Эркин АлымбековУбийство в Бишкеке
Убийство в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын сөөгү Кемин капчыгайынан табылган

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кемин шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан капчыгайдан 17 жаштагы уландын сөөгү табылды. Анын денесиндеги тактар кыйнап өлтүрүлгөнүнөн кабар берүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сөөк жаткан жерди шектүүлөрдүн бири көрсөткөн. Жалпы кылмышка шектелип 7 бала кармалган, алардын көбү өспүрүм.

11-декабрда 2000-жылы төрөлгөн баласы дайынсыз болуп жатканын айтып, Токмок шаарынын 38 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал баласы 9-декабрда үйүнөн чыгып ошону менен кайтып келбегенин билдирген.

"Такталбаган маалыматтар боюнча баланы уурдап кетишкен. Кемин райондук ИИБ менен Чүй ОИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзө баштаган. Анын алкагында Кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон", — деп Чүй ОИИБден билдиришти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан оор кылмыш жасалганы аныкталып, шектүү катары 17 жаштагы улан кармалды.

Верхне-Нарынский каскад ГЭС строится на русле реки Нарын - Sputnik Кыргызстан
Нарын: арактан башы чыкпаган ата-эне уулун таппай калган. Милиция сөөгүн алып келди
"Оперативдик топ кылмышка жети бала катышканын аныктап, алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр экени белгилүү болгон (жергиликтүү мектептин окуучулары, университет менен колледждин студенттери). Алдын ала маалымат боюнча адам өлтүрүү пикир келишпестиктен улам болгон. 9-декабрда маркум досу уруша кетип, аны сабап салышкан. Өспүрүмдөрдүн бири баланын желкесине учтуу нерсе сайып, кийин шарф менен муунтуп салышкан. Оор жаракат алган бала ошол жерден жан берген", — деп милициядан кошумчалашты.

Кылмыштын изин жашыруу үчүн балдар сөөктү Кеминге жакын жердеги капчыгайга таштап, үстүнө таш ыргытып салышкан.

Шектүүлөр Кемин райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган жети балага тең Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0