Бишкекте үлпөт тойго чыккан кортеж инспекторду сүзүп качып кетти. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Аалы Токомбаев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкекте бүгүн болжол менен түшкү саат 13.00дө жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан билдиришти. 

Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспекторду сүзүп качкан Lexus LX-470 унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголду
Окуя Аалы Токомбаев (жаңы жол) жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда инспектор үлпөт тойго чыккан кортежди токтотууга аракет кылган. Бирок катуу келаткан Lexus LX470 унаасы аны сүзүп өтүп кеткен. “Перехват” планы жарыяланып артынан кууп жетпей калышкан. Бирок кийинчерээк шектүү жаран кармалган.

Жабырлануучуга Тез жардам чакыртылган. Инспектор жаракат алышы мүмкүн экендиги айтылат. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0