Инспекторду сүзүп качкан Lexus LX-470 унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшембиде борбор калаанын түштүк тарабында үлпөт тойго чыккан картеж инспекторду сүзүп качып кеткен.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерин (ЖКККББ) сүзүп кеткен айдоочуга Бишкек ШИИБ тарабынан кылмыш иши козголду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, жекшембиде борбор калаанын түштүк тарабында үлпөт тойго чыккан картеж инспекторду сүзүп качып кеткен. "Перехват" планы жарыяланып артынан кууп жетпей калышкан. Кийинчерээк ЖКККББ издөө бөлүмү тарабынан аталган окуяга шектелип 19 жаштагы Lexus LX-470 унаасынын айдоочусу кармалган.

"Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду", — деп милициядан билдиришти.

Автоунаа айып короого киргизилген. Ал эми айдоочусу убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0