Бишкектеги "Идеал Хаус" комплексинин сатылышы боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖилищное строительство в Московской области
Жилищное строительство в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Башкы прокуратурага маалыматты текшерип берүүсүн суранып кайрылган

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. "Идеал Хаус" комплексинин сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо максатында кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исаков: классташым Максим Бакиевдин үйүн сатып алды деген маалымат карандай калп
Бир аз мурда "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасын сатуу боюнча чуулгандуу иштин артында ким турат? " аттуу ролик жарыяланган. Анда комплексти менчиктештирүүгө (12,4 га аяктка курулган 48 обьект) премьер-министр Сапар Исаковдун жана анын жакындарынын тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.

Көп өтпөй өкмөт башчы Башкы прокуратурага маалыматты текшерип берүүсүн суранып кайрылган.

"Сюжетте "БТА Банк" ЖАКынын директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов премьер- министрдин классташы экени айтылат. Бирок текшерүү маалында бул эки адам эч качан бирге окубаганы, окуучулук кезде жолукпаганы белгилүү болду. Рыскулов Бишкек шаарында №5 гимназияны 1993-жылы аяктаган. Ал эми Исаков Ош шаарындагы №16 мектеп-гимназиясында билим алып, аны 1994-жылы бүтүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, журналисттик иликтөөнүн башка бүтүмдөрү дагы аныкталган жок. Мисалы, менчиктештирүү келишимине өкмөт башчынын бир тууганы Капар Исаковдун тиешеси бар экени жана "БТА Банк" ЖАКта Кыргызстандын үлүшү азайганы далилденген эмес.

Сапар Исаков МАИчи кантип шылдыңга калганын айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков "МАИчи" кантип шылдыңга калганын айтып берди. Видео
"Капар Исаков аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын кеңешичиси кызматында бир тууганы премьер-министр болгонго чейин эле иштеген. Ошондой эле обьекттин баштапкы баасы, аукциондун шарттары дагы Исаков өкмөт башчылыкка келгенге чейин чечилген", — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Коомчулуктун кеңири кызыгуусун жараткан бул иштеги маселелерди иликтеп көрүү максатында Башкы прокуратура КРдин кылмыш жана жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307 (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0