Ошто унаа айдап бараткан окуучу кагып кеткен 1,5 жашар наристе чарчап калды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя капысынан болгон кырсык катары бааланууда

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда 19-декабрь күнү 15 жаштагы бала бир жарым жашар наристени унаа менен койдуруп кеткен. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен жаракат алган ымыркай ооруканада чарчап калганы белгилүү болду.

Милициянын маалыматына караганда, окуя шейшемби күнү саат 16.00дө болгон.

"8-класстын окуучусу ата-энесинин унаасын короодон чыгарып жатып, көчөдө ойноп турган кошунанын баласын байкабай тебелеп алган. Алдын ала маалыматтарга караганда наристе дөңгөлөктүн алдында калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле укук коргоо органдары бул окуяны капысынан болгон кырсык катары баалап жатышат. Учурда 15 жаштагы бала сурак берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0