Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып алты адам жабыркады. Кырсыктын сүрөттөрү

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЫсык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады
Ысык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу күбө билдирди.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЫсык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады
Ысык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ысык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЖол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон. Унаадагылар оор жаракат алган.
Жол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон. Унаадагылар оор жаракат алган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон. Унаадагылар оор жаракат алган.
1/2
Ысык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады
2/2
Жол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон. Унаадагылар оор жаракат алган.

Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон. Унаадагылар оор жаракат алган.

"Комсомол айылынан өтүп Корумдуга кире берген жерден BMW X5 жана Audi 100 үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Ичиндеги алты жүргүнчү катуу жаракат алышыптыр. Аларды тез жардам унаасы жана жеке менчик унаалар ооруканага алып кетти. Унаалардын алды талкаланып кеткен", — деди күбө.

Ал эми Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаева аталган кырсыктан жаракат алгандардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө жана экөө травматология бөлүмүнө жаткырылганын билдирди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0