Бишкектин тургунун шылуун 27 миң долларга отургузуп кеткен. Шектүү кармалды

© AFP / AAMIR QURESHI АКШ долларларын санап жаткан адамдар. Архив
АКШ долларларын санап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдамчылыкка шектелген жаран буга чейин соттолгону аныкталды

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкектин тургунунан 2013-жылы 26 миң 800 доллар алып из жашырып кеткен киши жакында эле кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Жабырланган кишинин айтымында, мындан 3,5 жыл мурда Айбек аттуу киши анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчаны алып, кайра берем деген боюнча жоголуп кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жакында эле шектүү жаран кармалып, анын Ош облусунда туулганы аныкталды.

Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0