Беш-Күңгөйдө унаа жол жээгиндеги аңга түшүп кетти. Жабыркагандар бар

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка учураган машина Бишкек тарапка келе жаткан

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Беш-Күңгөй айылында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, чуңкурга түшүп кеткен. Анын кесепетинен бир нече адам жабыркады.

Кырсыктын видеосун "Новостной Портал Life" аттуу колдонуучу YouTube каналына жарыялады.


Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдөгү ири жол кырсыктан жабыркаган 6 адамдын бирөөсү көз жумду
Анда көрүнүп тургандай, топтошкон кишилер жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып жатышат. Айрым жабырлануучулар эсин жоготуп койсо, дагы бирөөлөрү оорудан онтоп жатканын көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу унааны башкара албай калган.

Милициядан кырсыкка кабылган унаа Бишкек шаарына келе жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0