Айылды бүлүнткөн учак, көчкүдө калгандар, өрттөн жайрагандар. Жылдын 9 каргашасы

© AP Photo / Vladimir VoroninПохороны по погибшим в результате крушения грузового "Боинга-747-400" в Дача СУ
Похороны по погибшим в результате крушения грузового Боинга-747-400 в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жыл жакшылыктары менен катар элдин башына караңгы түн түшүрүп, санаага салган каргашалар менен коштолду. Жыл ичиндеги адам өмүрүн алган жана ири чыгымдарга алып келген окуяларды Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп чыкты.

Айылдын үстүндө кыйраган учак

Бул жылдагы эң ири кырсыктардын бири 16-январь күнү Бишкектин жака-белиндеги Дача Су айылында болду. Эртең мененки саат жети жарымдар чамасында жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алды. Анын ичинен 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртү экипаж мүчөлөрү эле. Дагы 16 киши жаракат алган. Түркиянын АСТ авиакомпаниясынын кыйроого учураган учагы ага чейин бир нече жолу Гонконг — Бишкек — Стамбул багыты боюнча каттамдарды аткарган. Бирок ошол күнү "Манас" аэропортунун тилкесине коно албай койгон. Кийин авиакырсыктын иликтениши жарыяланган AirDisaster сайтында "Экипаж бийиктикти көзөмөлдөй албай, конуу тилкесинен өтүп кеткенден кийин экинчи айлампага чыгууга аракет кылып жатканда дарбазага урунуп, калктуу конушка сүрүлүп чыккан" деп жазылган.

Авиакырсыктан жабыркагандар жана каза болгондордун жакындарына түрк компаниясы тарабынан компесация төлөнгөн.

Үч адам күйүп кеткенде…

© Фото / Талгат БакиевБишкек — Ош жолугдагы кагышуудан кийин Honda Fit унаасындагы үч адам толугу менен күйүп кеткен
Столкновение Honda Fit и бензовоза на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолугдагы кагышуудан кийин Honda Fit унаасындагы үч адам толугу менен күйүп кеткен
Ал эми май ташуучу унаа менен сүзүшкөн Honda Fit унаасындагы үч адам күйүп кеткен. Жан кейиткен бул окуя 30-март түнү Бишкек — Ош унаа жолунун 574-чакырымында болгон. Сузак районунун аймагында болгон кагышуудан чыккан өрттү өчүрүү үчүн талкаланган унааларды жолдун жээгине алып чыгышкан.

Ондогон кишилерди басып калган жер көчкү

Андан кем калышпаган трагедиялуу окуя 29-апрель күнү өзгөндүктөрдүн башына түштү. Аюу айылында жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган. Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, аймакты айланасын тосуп, мазар кылуу чечими кабыл алынды. Ага удаа Жалпак-Таш айыл аймагындагы 61 түтүн жашаган айылда сүрүлүп жаткан жер көчкү 45 турак жайды басып калган. Кырсык чалган айылдыктар чатырларга көчүп чыккан

Чоң-Алайдагы зилзала

© Фото / Зульфия ТургуноваЧоң-Алай районунда жер ититрөөдөн 700гө жакын социалдык мекеме жана турак жайлар жараксыз болуп калды
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай районунда жер ититрөөдөн 700гө жакын социалдык мекеме жана турак жайлар жараксыз болуп калды
Май айынын баштапкы күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунда бир нече жолу жер титиреген. Алгач 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Мунун кесепетинен Чоң-Алай районунда 700гө жакын социалдык мекеме жана турак жайлар авариялык абалга келген. Жабыркагандарга 510 даана чатыр тигилип, 2964 жаран коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Бир аз мурда өкмөт үйсүз калган 81 үй-бүлөгө жеке уюмдардын көмөгү менен турак жай курулуп жатканын айткан. Ал эми кыштан чыгуу үчүн 116 үй-бүлөгө мобилдик үй берилди.

Ананьеводо жарылган газ баллондор

19-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылып, ошол жерден эки адам көз жумган. Кийин ал экөө ата-бала экени белгилүү болгон. Алардан тышкары, сегиз адам жаракат алып, жетөө ооруканага жаткырылган. Алардын үчөө ооруканада көз жумду. ӨКМ кырсыктын кесепетинен "ДАФ" унаасы 30 тонналык цистернасы менен, РЕНО унаасынын бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен, оор жүк ташуучу унаа, "Газель" цистернасы менен жана бир жеңил унаа күйгөнүн билдирген. Жарылуу коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан улам келип чыкканы айтылган.

Өзгөн базарындары өрт

29-июлда таңкы саат төрттөрдө Өзгөндүн борбордук базарында тутанган өрт соодагерлерди ызы-чуу кылды. Жергиликтүү эл "Байпак базары" деп атаган бул жерде жалын 1700 чарчы метрди каптап, 226 контейнер өрттөнгөн. Эки кабаттуу ашканадан башталган тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр жети саат күрөшүп жатып мизин араң кайтарган. Натыйжада бир өрт өчүрүүчү жаракат алып, жүздөгөн соодагерлер бизнесинен кол жууган.

Асанбайдагы жети имаратты жалмаган өрт

22-октябрь күнү түшкө жакын ЖМКларда "Бишкектин "Асанбай" паркынын аймагында кафе күйүп жатат" деген маалымат пайда болгон. Жалын алгач "Ганбей" кафесинде тутанып, кийин кошуна жайгашкан "Барклайс", "Бухара", "Кайзер", "Корчма", "Марио" тамактануу жайларына жана "Delta" фитнес-клубуна өтүп кеткен. Жеринде 12 өрт өчүрүүчү машина жана куткаруучулар иштеп, тилсиз жоону толугу менен кечки алтыларга чукул өчүрүшкөн. Кийин ӨКМден жалпысынан 3100 чарчы метр аянт күйүп кеткенин айтышкан. Бактыга жараша, ал жерде кишилер жабыр таркан эмес, бирок ишкерлер сейфтеги акчасына чейин күйүп кеткенин айтышкан.

10 адамдын өмүрүн кыйган жол кыргысы

© Фото / Талгат БакиевТаш-Көмүр шааарындагы жол кырсыгынан 10 адам ажап тапкан
Последствия ДТП на автотрассе Бишкек — Ош с участием газовоза - Sputnik Кыргызстан
Таш-Көмүр шааарындагы жол кырсыгынан 10 адам ажап тапкан
6-ноябрда саат 00:05 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 457-чакырымында, тагыраагы, Таш-Көмүр шааарында он жарандын жаны кыйылган жол кырсыгы болгон. Honda Stepwgn жеңил унаасы менен MAN газ ташуучу автоунаасы бетме-бет сүзүшүп, окуя болгон жерде сегиз адам каза болгон. Дагы эки адам ооруканада каза тапкан. Өлгөндөрүн сегизи 22 жаштан 29 жашка чейинки жаштар, бири 40 жаштагы адам жана дагы бири алты айлык наристе эле. Баса, унаалардын кагышуусунун улам өрт чыгып кетип, аны ӨКМ куткаруучулары өчүргөн.

Токтогулда унаалар кагышып, жети адам каза болду

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиТоктогул районунда бул кырсыктан жети адам каза таап, төрт бала томолой жетим калды
ДТП в Токтогульском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Токтогул районунда бул кырсыктан жети адам каза таап, төрт бала томолой жетим калды
Бир нече күн мурда эле үрөй учурда дагы бир кырсык болду. Бишкек — Ош унаа жолунун Токтогул районундагы аймагында Hyundai Getz жана Honda Stepwagen унаалары кагышты. Жыйынтыгында жети киши өмүрү менен кош айтышты. Алардын арасынан төртөө Нургазы Түгөлбай уулу аттуу милиция майорунун үй-бүлөсү. 37 жаштагы милиция кызматкери жубайы, 12 жаштагы кызы жана алты айлык баласы менен бара жаткан. Маркумдун артында дагы төрт бала томолой жетим калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0