Чатырдан кар тазалап жаткан адам. Архив

Элчилик Москвада каза болгон кыргызстандыктын чоо-жайын билди

790
(жаңыланган 10:01 26.12.2017)
Ушу тапта кылмыш белгилеринин бар-жогу текшерилип жатат

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Москвада көп кабаттуу үйдүн чатырын кардан тазалап жатып кулап каза болгон М.Н.М. аттуу кыргызстандык жаран 32 жашта болчу. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Кырсык кечээ, 24-декабрь күнү, болжол менен саат 11.00дөр чамасында болгон.

Элчиликтин маалыматы боюнча учурда окуянын себептери Социалдык камсыздандыруу фондусу менен бирге такталып жатат. Муну менен бирге кылмыш белгилеринин бар-жогу текшерилүүдө.

790
Белгилер:
чатыр, кылмыш, Элчилик, Москва
Тема боюнча
Москвада бир кыргызстандык каза тапты. Элчилик окуянын чоо-жайын тактоодо

Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео

63
(жаңыланган 13:35 03.12.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, тергөөчүгө ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

63
Белгилер:
тергөө, кармоо, пара берүү, финансы полициясы
Тема боюнча
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды
Тойдогу меймандар. Архивдик сүрөт

UFC мушкери Дагестандагы үлпөт тойду массалык мушташка айлантып салды. Видео

134
(жаңыланган 11:38 03.12.2020)
Жаңжалдын чыгышына спортчунун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас экени айтылды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. UFC уюмунун россиялык мушкери Гаджимурад Антигулов Дагестанда үлпөт тойдо мушташты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Маалыматка ылайык, жаңжалдын чыгышына Антигуловдун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас абалда экени айтылды. Башка столдорго арак-шарап коюлган эмес. Тойдогулар мушкерди ичимдикти алып салууга чакырган. Көп өтпөй мушкер коноктордун бирине тап берип, мындан улам массалык мушташ чыгат.

Видеодон көрүнүп тургандай, баласын жетелеген Расул аттуу киши спортчунун жанына эки ирет келип, аны тынчтантууга аракет кылган. Алар бир пикирге келип, кол алышканын да көрүүгө болот. Көп өтпөй түшүндүрүү үчүн кайра келген Расулга Антигулов кол көтөргөндө, ал UFC мушкерин сулата чабат. Спортчуну жандагандар Расулга чабуул жасап, массалык мушташ башталат. Мушкердин жанындагылардын бири чөнтөгүндөгү тапанчасын да алып чыккан.

33 жаштагы Гаджимурат Антигулов ММА спортунда 28 беттешке чыгып, анын 20сын уткан. Мушкер 2017-жылдан бери UFC промоушенинде беттештерге чыгып келет. Акыркы ирет ушул жылдын октябрь айында Абу-Дабиде өткөн мелдеште мекендеши Максим Гришинге жеңилип калган.

134
Белгилер:
той, үлпөт, мушкер, UFC, Дагестан
Тема боюнча
UFC Макгрегор менен Порьенин беттеши өтө турган күндү расмий бекитти
Шевченко менен Майянын кармашы. UFC 255 мелдешинен онлайн-репортаж
Жеңишине кубанып. Насаатчыларын көтөрүп чаап сүйүнгөн UFC мушкеринин видеосу
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ. Архив

Синдзо Абэ добуш сатып алуу боюнча шектелип, суракка чакырылды

0
(жаңыланган 13:39 03.12.2020)
Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтырды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Токио шаарынын прокуратурасы Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни суракка алганы жатат. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтылды.

Кеп жыл сайын өтүүчү "Сакурага суктануу" салтанаттуу кечеси тууралуу болуп жатат. Адатта ага чет элдик дипломаттар, искусство, спорт, маданият өкүлдөрү жана журналисттер чакырылат. Бирок бул ирет иш-чарага негизинен Либерал-демократтар партиясынын мүчөлөрү жана идеялаштары гана катышкан. Ошондой эле салтанатты өткөрүүгө сарпталган каражат тууралуу так маалымат берилген эмес.

Эске салсак, август айынын аягында Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Кийин анын ордуна Либерал-демократтар партиясынын төрагасы жана өкмөт башчы болуп Ёсихидэ Суга шайланган. Суганын талапкерлигин 462 депутаттын ичинен 314ү колдоп берген.

0
Белгилер:
коррупция, шайлоо, Прокуратура, сурак, Япония, Синдзо Абэ