Бишкектеги жардыруу, Германияга сатылган 55 тонна жез. 90-жылдардагы кылмыштар

© Фото / NewsTeam / Медиабанкка өтүүВзрыв на посту ДПС в Казбековском района Дагестана
Взрыв на посту ДПС в Казбековском района Дагестана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун декабрь айында селт эттирген окуяларды эстеп көрдү

Шаардын чок ортосундагы жардыруу

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылы 18-декабрында чыккан саны
Заметка в газете Вечерний Бишкек. Выпуск 1992-года 18-декабря - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылы 18-декабрында чыккан саны
Чейрек кылым мурун дал ушул айдын бир кечинде Бишкектин чок ортосунда унаа жарылып, бир жүргүнчү көз жуумп, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилген. Укук коргоо органдары жардыруу маркумду жок кылуу максатында атайын уюштурулгандыгын болжолдошкон. Анткени анын Кыргызстанга ири көлөмдөгү акча менен курал-жарак сатып алуу үчүн келгени аныкталган.

Муштумдан бычакка чейин

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылы 16-декабрда чыккан саны
Отрывок из газеты Вечерний Бишкек. Выпуск  1992-года 16-декабря - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылы 16-декабрда чыккан саны
Борбор калаанын Чүй проспектисинде төрт адам уруша кетип, жаңжал мушташка айланган. Анда бычак жеген 30 жаштагы шаар тургуну менен Опера жана балет театрынын артисти каза болгон. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 22 жаштагы эки кишини колго түшүргөн.

Көнгөн адат калабы….

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылы 22-декабрда чыккан саны
Заметка в газете Вечерний Бишкек. Выпуск 1992-года 22-декабря - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылы 22-декабрда чыккан саны
Түрмөдөн чыкканына эки жумадай эле болгон жаран Бишкектеги Батыш автобекетинен Таш-Дөбө айылына такси айдатып жөнөйт. Жолдон айдоочунун башына тапанча такап коркутуп, аны байлап унаанын артына отургузуп алат. Кылмышкер кайра борборго бет алып, жолдон милиция кызматкерлерине баш ийбей качып жөнөйт. Көп өтпөй шектүү колго түшкөн. Кызыгы, "жолоочу" элдин баарын оюнчук тапанча менен коркутуп-үркүтүп жүрүптүр.

Абышканы өлгүчө сабаган……

© Sputnik / Мирбек СакеновКылмыш жана кырсыктарды чагылдырган "Дело №" гезитинин 1992-жылы 2-декабрда чыккан саны
Заметка в газете Дело №. Номет от 1992 года 2 декабря - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш жана кырсыктарды чагылдырган "Дело №" гезитинин 1992-жылы 2-декабрда чыккан саны
Мас болгон 25 жаштагы жигит жакындары менен уруша кетип түн ортосунда көчөдө калган. Андан соң айылдагы ишканада кароолчу болуп иштеген пенсионердин жумушуна келип, ал жакта түнөп кетүүнү суранат. Согуштун ардагери аны өз үйүнө барып эс алуусун өтүнөт. Бирок мындай жооп уккусу келбеген эргул абышканы өлтүрө сабап, маркумдун ардагердик күбөлүгүн айрып оозуна тыгып из жашырган. Мыкаачы кылмыш жаза кодексинин эки беренеси боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.

Германияга сатылган 55 тонна жез

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын декабрь айындагы "ИИМ кабарлайт" рубрикасы
Заметка в газете Дело №. Номет от 1992 года, декабрь - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын декабрь айындагы "ИИМ кабарлайт" рубрикасы
Жергиликтүү ишкана Германияга 55 тонна жезди мыйзамсыз жөнөтүүгө аракет кылган. Укук коргоо органдары жүктүн документтерин текшергенде анда жездин калдыктары деп жазылса, иш жүзүндө Вольфсбург шаарына технологиялык таптаза жез жөнөтүлгөнү жаткан. Арам акча табам дегендерге карата кылмыш иши козголгон.

Маалыматтар 1992-жылы чыккан гезиттерден алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0