Алайда түндө жер титиреди

Жазылуу
Силкинүүнүн күчү очогунда 5,3 баллга жеткен

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Алай районунун аймагында 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, түндө саат 03.02де болгон силкинүүнүн күчү очогунда 5,3 баллга жеткен.

Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Иркештам айылдарында — 4 балл, Кара-Киндик айылында — 3,5 балл жана Арча-Булак, Сары-Таш айылдарында — 3 балл болуп сезилген.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0